Футболчу Криштиану Роналду Европа чемпиондугун утканы үчүн алган акчалай сыйлыгын кайрымдуулукка жумшады

Футбол боюнча Европа чемпиону Португалия курамасынын капитаны Криштиану Роналду балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча фондго 330 миң евро бөлдү. Бул каражат футболчунун Европа чемпиондугун утканда алган акчалай сыйлыгы болчу. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчу ушул күнгө чейин кайрымдуулук иштерине 12 миллион евродон ашык каражат сарптаган.
Кошумчалай кетсек, Криштиану Роналду баштаган Португалия курамасы Европа чемпиондугунун финалында Франция курамасын 1:0 эсебинде утуп алган. Криштиану Роналду алган жаракатынан улам майданды таштап кетүүгө мажбур болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

налок толобосода кайрымдуулук кылдыго
Молодцы Роналду!