Европанын акыркы сезондогу "Мыкты футболчусу" аталууга талапкер 10 футболчунун тизмеси жарыяланды

Европанын акыркы сезондогу "Мыкты футболчусу" аталууга талапкер 10 футболчунун тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тизме 2015-2016-жылкы сезондо мыкты оюн көрсөткөн футболчулардан түзүлдү.
5-августта сыйлыкка негизги талапкер 3 футболчу иргелип алынат. Жеңүүчүгө сыйлыгы 25-августта тапшырылат.
Сыйлыкка талапкер 10 футболчу:
- Гарет Бэйл ("Реал" футболдук клубу, Уэльс курамасы);
- Жанлуиджи Буффон ("Ювентус", Италия);
- Антуанн Гризманн ("Атлетико", Франция);
- Тони Кроос ("Реал", Германия);
- Лионель Месси ("Барселона", Аргентина);
- Томас Мюллер ("Бавария", Германия);
- Мануэль Нойер ("Бавария", Германия);
- Пепе ("Реал", Португалия);
- Криштиану Роналду ("Реал", Португалия);
- Луис Суарес ("Барселона", Уругвай).
Өткөн жылы сыйлыкты каталондук клуб “Барселонанын” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси алган.

12-ДЖжейми Варди экен. Неимар тезек терип калыптыр