super.kg logo

Швейцарияда өткөн билим олимпиадасында Кыргыз жеринен барган окуучу коло медаль тагынды

 

11-17-июль аралыгында Швейцариянын Цюрих шаарында "XLVII International Physics Olympiad (IphO)" деген аталыштагы физика предмети боюнча Эл аралык олимпиада болуп өттү. Анда Кыргыз жеринен барган окуучулар куру кол кайтышкан жок. Бул тууралуу “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинен бүгүн, 18-июлда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жеринен барган команданы Азамат Мырзабеков (“Себат”), Алымбек Сагымбаев (“Себат”), Нурбек Байзаков (“Себат”), Артур Садиков (“Себат”), Михаил Губарченко (Бишкек шаардык №61-мектеп) сыяктуу окуучулар түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Артур Садиков 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду.

Кошумчалай кетсек, бул олимпиада (International Physics Olympiad) 1967-жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 5 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен чакырылат. Олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында физика предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет. Аталган жарышка быйыл дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн окуучулар катышты.






Кыргызстандык окуучу Швейцарияда өткөн олимпиадасында коло медалга ээ болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
18.07.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын! Билимин оркундой берсин.
18.07.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Себат кайрадан адатынча мыкты, бирок мындай жетишкендиктерди коро албай жамандап тургандар тилеке каршы жок эмес, ит уро берет кербен журо берет.
18.07.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsin Artur kuttuktaymin!
18.07.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Артур Садиков!!!
18.07.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умница!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: