super.kg logo

Интернет тармактарында Режеп Эрдоган чыгып кеткен мейманканага болгон чабуулдун видеосу жарыяланды

 

"Анадолу" маалымат агенттиги өзүнүн Twitter баракчасына Түркиянын президенти Режеп Эрдоган жаңы эле чыгып кеткен Мармаристеги мейманканага болгон чабуулдун видеосун жайгаштырды. Видеодо атышуулардын жана жакындап келе жаткан тик учактын үндөрү угулат. Мейманкананын тургундары тез арада номерлеринен чыгып кетишкенин бөлмөлөрүндөгү иретсиздиктен байкаса болот. Терезелерден октордун издери көрүнөт.

"Al Jazeera" телеканалынын божомолуна ылайык, президенттин жан сакчылары жана президенттин коопсуздугу үчүн жооп берген атайын топтун аракеттеринен улам кырсыктын алдын алууга мүмкүн болгон.

"Түркиянын бийлигинин колуна төңкөрүш жасоого аракеттенгендердин сүйлөшүүлөрү тийген. Ал жактан белгилүү болгондой, төңкөрүш уюштуруунун ана башы Түркиянын Аскердик аба күчтөрүнүн мурунку башчысы Акын Өзтүрк болуп чыкты", - деп жазган басылма.






Түркиянын президенти Режеп Эрдоган чыгып кеткен Мармаристеги отелге болгон чабуул

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: