ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: Мындан 32 жыл мурун советтик актриса Фаина Раневская көз жумган
Мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы 19-июлда советтик актриса, СССРдин Эл артисти Фаина Раневская 87 жашында оорудан улам Москвада көз жумган. Анын сөөгү Москвадагы "Жаңы Донск" көрүстөнүнө эжеси Изабелланын жанына жерге берилген.
Фаина Раневская акын Анна Ахматованын эле периште-коргоочусу болбой (актриса Анна Ахматова келте менен ооруган учурда өзү карап, Ахматованын эч кимге ишенбей, катып жүргөн ырлар жыйнагын сактаган), ошол учурда жаңы гана актёрдук карьерасын баштаган Владимир Высоцкийден да түрдүү жардамын аяган эмес. Высоцкий Пушкин атындагы театрда иштеп, татыктуу роль аткарууну күтүп жүргөн, бирок ала алган эмес. Ошол учурда аябай ичкиликке берилген актёр жумушка бир нече жума келбей койгон. Раневскаянын кийлигишүүсү менен гана ал жумуштан алынбай калган."Талант дегенди өзүнө өзү ишенбөө, өзүнүн кемчиликтерине жана өзүнө канааттанбоо деп ойлойм. Бирок мындай нерсени шыгы жок адамдардан кезиктирген эмесмин".
"Болгону эч нерсени каалабай калсаң, баары ишке ашат".
"Чыныгы эркек - бул аялдын туулган күнү качан болорун билип, бирок канча жашка толгонун билбеген эркек. Ал эми аялдын туулган күнү качан экенин билбей, канча жашта экенин билсе, демек, ал күйөөсү".

"Карыган кызыксыз, бирок бул узак жашоонун жалгыз ыкмасы".
"Мен актёрдук оюндун системин, теорияларды билбейм. Баары жөнөкөй эле: же талант, же талант жок".
"Ойноо" деген сөздү кабыл албайм! Карта, дойбу, ат үстүндө ойноого болот. Ал эми сахнада жашоо зарыл".
19-июлдун жылнаамасы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















