super.kg logo

Алматыдагы кандуу окуялар. Кылмышка шектүү эмне себептен полиция кызматкерлерин атканы белгилүү болду

 

Кечээ, 18-июлда Алматыдагы кандуу окуялар элдин көңүл чордонунда болду. Ар кандай маалыматтардын агымы чыгып, жергиликтүү калктын эле эмес, коңшу мамлекеттердин элинин да үрөйүн учурду. Күндүзгү саат 11:00дө башталган окуя бир нече саатка созулган атышуу менен уланып, натыйжада 3 полиция кызматкери жана 1 жаран каза таап, 7 полиция кызматкери жарадар болуп, кылмышка шектүү катары 2 адам жок кылынып, жалпысынан 7 адамдын мерт болгону кабарланган. Ал эми башка маалыматтарга ылайык, "Алматы калаасында төрт куралчан террорчулар тобу жарандарга ок атты" деп айтылган.

Бүгүн, 19-июлда чыккан расмий билдирүүлөрдө Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов окуянын натыйжасында 5 адам каза тапканын жана мунун баарына бир адам жооптуу экенин билдирди. Кылмышка шектүү окуяга чейин белгисиз аялды өлтүргөнү тууралуу өзү айтканын кошумчалады. Алматыдагы брифингде министр: “Азыр ал суракта, анын айтымы боюнча, жаза аткаруу жайында жаткан учурдагы өч болгон. Аны кайрадан отургузарын билип (ред. белгисиз аялды өлтүргөнү үчүн), полиция кызматкерлеринен өч алууну чечкен. Кылмышка шектүүгө терроризм, адам өлтүрүү, мамлекеттик мекемелерге кол салуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон жана азыркы учурда 6 полиция кызматкери жана 3 жаран (анын ичинде кылмышка шектүү) шаардын клиникаларында дарыланууда”, - деди.

Азыркы тапта жарадар болгон кылмышка шектүүгө медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин уруксаты жана жактоочунун катышуусунда суракка алынып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле ал мурун соттолгон, Кызылордо облусунун 26 жаштагы тургуну экени да маалымдалган.

Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. "Бүгүн Алматыда террордук акт болуп өттү, өкүнүчтүүсү, кайрадан адам өмүрлөрүн алып кетти. Каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтам, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керек”, - деп билдирди Назарбаев Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
19.07.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кылмышкер ак болгон аны милициялар каралап жок жерден камаган мурда ошодон оч алганда
19.07.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
казактын менттерин тура эле кылат атып,адамгерчилик деген жашабайт аларда
19.07.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Терор эмес месть го
20.07.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менттери ото эле ырайымсыз . а соттору адилетсиз болгону учун ушундай болуп атат. Бийлиги алмашып реформа болмоюнча ушундай боло берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: