super.kg logo

Сузакта 30 жыл мурун курулушу башталып, кийин токтоп калган мектептин курулушу бүтүрүлүшү мүмкүн

 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары 18-июлда Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат орто мектебинин абалын көрүштү.

Аталган мектеп 1985-жылы Ленин атындагы колхоздун эсебинен курулуп баштап, бирок акча жоктугунан курулуш бүтпөй калганы айтылды. 624 орундуу үч кабаттуу мектеп имаратынын ички шыбак иштери 60 пайызга аткарылып, электр зымдарын туташтыруу иши да 60 пайызга жасалган.

Жолугушууда мектептин жамааты 2009-жылы мектептин курулушун аягына чыгаруу, курулушка акча бөлүү чечими кабыл алынганы, бирок акча азыркыга чейин берилбей жатканы айтылды. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул мектеп бүткөрүлсө, айылда бала бакча маселеси да чечилмек. Анткени азыркы мектеп мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашкан.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мектепти куруп бүткөрүүнү аягына чыгаруу зарыл экенин, фракция депутаттары маселени парламент жыйындарында карап, республикалык бюджеттен акча бөлдүрүүгө аракет кыларын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.07.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шалаакылыкпы, кайдигерликпи же кандай десе болот билбейм, бирок 30 жыл өтө көп убакыт!
Курулуп бүтпөй жатып эле эскирип калган экен да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: