Чүй. Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен 2 жаранды издөө иштери жүрүүдө
Чүй облусунда Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен 2 жаранды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июлда Ала-Арча капчыгайындагы Ала-Арча суусуна Алай районунун 1981-жылы туулган Замирбек Ажибеков аттуу тургуну жана 1976-жылы туулган Мурат Калбаев аттуу шаар тургуну агып кеткен. "Куткаруучулар аталган жарандарды издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа чыккан жок", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.