super.kg logo

Жогорку окуу жайларда математика жана физика багыты боюнча адистикти тандаган абитуриенттер аз болууда

 

Жогорку окуу жайларда математика жана физика багыты боюнча адистикти тандаган абитуриенттер аз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жеңиш Бексултанов билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларда 11-июлдан баштап абитуриенттерди кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистикти тандаган, дегеле педагогикалык адистикти алып чыгууга аракеттенген абитуриенттер басымдуулук кылууда. Ал эми так илим катары айтылып келе жаткан математика жана физика адистигин тандагандар аз болуп жатат", - деп билдирди Бексултанов.

"Математика жана физика адистигин аз тандоонун себеби мектептерде билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнөн же математика жана физика сабактарынан кошумча сынак тапшырбай калгандан болуп жатат", - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, англис жана башка тилдерди үйрөнүүгө аракет жасап, котормочулукка ыктагандар көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.07.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик Университетинин жооптуу катчысы Жеңиш Бексултанов билдирди".

Университеттерде "жооптуу катчы" деген болбойт, "кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы" деген болот.
19.07.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмуш озу ошол жолго алып барып жатат да.Так илимдерге кызыккандар гана тапшырбаса,азыр жаштардын кобу англис,немис,япон,корей,испан,француз,кытай,ж.б.у.с.тилдерге кызыгып жатышат.
19.07.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аны бутуп алып мен москвада пол жууп журом айлык жетпейт кечке текшереберишет чондорду текшербей эле карапайым мугалимдерди текшеришет
20.07.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177,чондордун чондору бар да, карапайым мугалимдер чоноюп же чондорун тапканча текшеруудон отушуп турушат. Мындай абал биздин коомубуздун нормативи...
19.07.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалимдердин айлык маянасын которушсунчу анан корушот... Чет тилди тандоонун себеби чет элге чыгып комфорттук жашоого жетууго аракет кылуу болсо керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: