Президент Алмазбек Атамбаев “Мухтар Ауэзовдун фонду” коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзовду кабыл алды
(Солдон оңго карай) "Мухтар Ауэзовдун фонду" коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзов жана "Ауэзовдун үйү" илимий-маданий борборунун директору Диар Кунаев.


(Солдон оңго карай) "Мухтар Ауэзовдун фонду" коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзов жана "Ауэзовдун үйү" илимий-маданий борборунун директору Диар Кунаев.

Президент Алмазбек Атамбаев жана "Мухтар Ауэзовдун фонду" коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзов.
8-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “Мухтар Ауэзовдун фонду” коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Мухтар Ауэзов кыргыздын “Манас” эпосун сактап калуу үчүн совет мезгилинде көп иш жасаган. Кыргыз эли муну эч качан унутпайт”,-деди өлкө башчысы. Өз кезегинде Мурат Ауэзов Бишкекте Мухтар Ауэзов атындагы көчө, мемориалдык такта, ошондой эле анын эстелиги бар экендигине кубанычта экендигин белгиледи. Ошондой эле Мурат Ауэзов максаты бир тууган эки элди руханий жакындатуу болуп саналган “Жибек Жолундагы аңгемелешүүлөр” долбоорунун алкактарында Кыргызстандын чыгармачылык элитасынын өкүлдөрү менен кызматташууну каалагандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

