super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Убагында эл жылуу кабыл алган "Толкундар" ырынын клиби азыр күлкүлүү көрүнөт" дейт Мухтар Атаналиев

 

Ырчылар Мухтар Атаналиев менен Азиза аткарган "Толкундар" ыры учурунда хит болгон ырлардын катарын толуктайт. Клип көлдүн жээгинде тартылган. Азыр көргөн адамга, албетте, күлкүлүү көрүнөрүн, бирок убагында эл жылуу кабыл алып, ошол учурдун жаңылыгы, заманбап клиптеринин бири болгонун айтат Мухтар Атаналиев.

"Ырдын жазылышы да кызык болгон. Бир жолу менден куудул жигит "Ырдын сөзү, обону кантип жазылат?" деп сурап калды. Ага айтып берип, түшүндүрүп, үйрөтүп жатып эле "Толкундар" ырынын сөзү, обону даяр болуп калган.

Досум Мыктыбек Арстанбекке жаңы ыр жаздырдык, клип тартып бер деп кайрылсак, дароо макул болду. Тартуу учурунда сууга кийимчен эле түшө бер деп тартып баштабадыбы. Өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим, кийимчен сууда эмне кылып жатам деп, бирок жылаңач да түшө албайт болчумун. Клипти азыр көргөн адамга күлкүлүү сезилет, себеби тартуу учурунда эрежелер сакталган эмес. Ырдын аталышына жараша толкундарды кошуп тарталы десек бир да толкун болбой, көл тыптынч болуп туруп алган. Толкундун болушун күтө берип баарыбыздын уйкубуз келген. Анан болбосо койсун деп толкундарсыз тартып салганбыз", - дейт Мухтар Атаналиев (күлүп).

Мухтар Атаналиев, Азиза аткарган "Толкундар" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.07.2016. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң мыкты ыр,мыкты ырчы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: