Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу убактылуу жабылды
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 19-июлда саат 16:50лөр чамасында Ош облусундагы Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 112-132-чакырымына чейин болжол менен 7 жерден сел агындылары түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Унаа жолду тазалоого №959-ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч чыкты. Ошондой эле Сопу-Коргон-Терек унаа жолунун болжол менен 5 жеринен сел калдыктары түшүп, жол жабылган. Аскалы айылына баруучу унаа жолго да сел агындылары түшүп, убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тактоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.