super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сүйбөгөн адамыңдын артыкчылыгы болгондо да анын кереги эмне?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жактырган адамыңдын кемчилиги да жагып, ал эми жактырбаган адамыңдын артыкчылыгы да кыжырга тиеби?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Сүйгөнүңдүн кемчилигин көрсөтпөй сенин сүйүүң көз айнек болуп, көздөрүңдү тосуп коёт. Сүйбөгөн адамыңдын артыкчылыгы болгондо да анын кереги эмне?"

"Убагында мен дагы ушул айтылган сөздөй элем. Аялым баарынан сулуу, баарынан акылдуу, андай кыз дүйнөдө жоктой сезилчү. Ал менин көзүмө эч бир кемчиликсиз көрүнчү эле. Үйлөндүм, бала-чакалуу болдук, анан карасам эле башка аялдардай экен. Башкалардагыдай кемчилик анда дагы бар болуп чыкты. Көрсө, жаш кезде чындап көзүңдү май басып, көзүң алма терип калат турбайбы".

"Мен бир адамды жактырбасам таптакыр жактыра албайм, ошол адам көзүмө албарсты болуп көрүнөт. Ал адамдан качып, салам да бергим келбейт. Сүйгөн адамың жаныңда болсо, дүйнөнү "розовые очки" аркылуу карап каласың. Ошону тагасың да, сүйгөнүң көзүңө периште болуп көрүнүп калат. Анан күйөөгө тийгенден кийин көзүңдөгү көз айнек чечилгенде, "ии, баягы Ташматтын баласына эле тийип алсам болмок экен" деп кала бересиң".

"Мен жактырган адамымдын кемчилиги деле жага берет экен. Ал эми жактырбаган адамым деле жок, болгон убакта деле артыкчылыгын (жакшы сапаттары) бааламакмын. Кыжырды келтирген сапаттары деле жетише берсин, артыкчылыгын баса белгилеп, көңүлүн көтөрүп коймокмун. Адам баласы бул өмүрдө бири-бирине жакшы гана сөз айтып турушу керек, алар сага жагабы-жакпайбы маанилүү эмес".

"Жакшы көргөн адамыңдын жаман жагы көрүнбөйт. Эгер жаман жагын да кошо көрсөң жактырып эмне пайда?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.07.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагыңар чатак го)
Укмушсунар эээ???!!
20.07.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле суйгон адамындын кемчиликтерин элдер,тууган уруктар,ата энен айтып атса деле укпайсын,корбойсун!Ошондуктан суйуунун козу сокур,кулагы керен деп бекеринен айтылбаса керек.
20.07.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага учунчу жооп жакты,кемчилиги жок адам озу болбосо керек,баардык адамдардын озуно жараша кемчилиги болот,бироонун артыкчылыгынан улгу алыш керек,жеке оюум.
tursunbaev78 түзөттү 2016-07-20 14:16:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: