Аргентиналык фотомодель Гватемала түрмөсүндөгү козголоңдо каза болду
Аргентиналык фотомодель Хоанна Биррьель Гватемала түрмөсүндөгү козголоңдо каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Хоанна Биррьель адам өлтүргөндүгү үчүн соттолгон мурдагы аба аскери, капитан Бирон Лимага
айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшүү үчүн келген. Ошол учурда “Павон” түрмөсүндө коогалаң чыккан. Анын айынан Бирон Лима, Хоанна Биррьель жана 11 камакта отурган адам өлтүрүлүп, 18 адам жаракат алган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, козголоң аталган түрмөдөгү эки топтун ортосундагы араздашуудан улам чыккан. Жаза аткаруу системинин өкүлдөрү “Павон” түрмөсүнө кошумча күч киргизилгендиги тууралуу маалымдаганын “ТАСС” агенттиги бүгүн, 20-июлда жарыялады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Билбей эле божомол кыла бересинби чувак