Азыркы учурда республика боюнча 840 адам докторлук даражага ээ жана 3980 адам - илимдин кандидаты



Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдрахман Мавляновду кабыл алганын 20-июлда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Жолугушууда комиссиянын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо, ченемдик документтер менен жоболорду системге салууну өркүндөтүү, илимий даража үчүн изденүүчүлөргө артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча маселелер талкууланды.
Абдрахман Мавлянов белгилегендей, азыркы кезде республика боюнча 840 адам докторлук даражага ээ жана 3980 адам - илимдин кандидаты. Жогорку аттестациялык комиссиянын электрондук долбоору ишке киргизилди.
Сооронбай Жээнбеков комиссиянын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана талдоо жүргүзүү аркылуу илимий даражаларды ыйгаруу ишин ачык-айкын жүргүзүү тапшырмасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Тоо десе бее дединизго...