super.kg logo

Нарында "Манас, маданият жана туризм" фестивалы өтөт

 

Тарых жана маданият жылынын алкагында райондук "Манас, маданият жана туризм" фестивалы 2016-жылдын 29-июлунда Соң-Көл жайлоосунда өтөт. Бул тууралуу Нарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 20-июлда билдирди.

"Фестивалдын негизги максаты - салтыбыз менен шартыбызды туура таанып, улуттук намысыбызды бийик көтөрүү, кыргыз элинин эзелтеден бери түптөгөн идеологиясын жандуу
үгүт-насыяттардын негизинде элге жеткирүү, маданиятын, каада-салтын сактоо, ошону менен бирге туризмди өнүктүрүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу менен аймактын экономикасын өнүктүрүү, Соң-Көл жайлоосун туризмдин аймагына айландыруу жана тышкы туристтердин кызыгуусун арттыруу, ажайып кооз туристтик аймакты даңазалоо, Манастын жети осуятындагы “табият менен таттуу мамиледе болуу” идеологиясын колдоо менен аймакты экологиялык туристтик таза аймак катары сактап калуу",
- дешет уюштуруучулар.

Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз көчүнүн парады, Кемин районунан келген Жантайдын жигиттери менен ак-талаалык Ак Мөөрдүн сиңдилеринин ортосундагы “Сармерден” кароо-сынагы,“Соң-Көлдү Манас жердеген” аттуу 35 жашка чейинки манасчылардын кароо-сынагы, “Ак Мөөр - Соң-Көл периси” сулуулардын кароо-сынагы өтүп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук сувенирлер, уз-чеберлердин жасаган буюмдары, улуттук кийимдердин түрү, мастер-класстар көрсөтүлөрү маалым болду.

Кароо-сынактардын жыйынтыгында баалуу сыйлыктар тапшырылып, кол өнөрчүлүк боюнча комиссиянын чечими менен эң мыкты 3 кол өнөрчү Германия өлкөсүнө эл аралык көргөзмөгө катышууга жолдомо алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: