super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте депутаттар чымчыктарга уя орнотушту

 
Депутаттар солдон оңго: Камалдин Токтосартов ("Ата Мекен"), Гүлнара Молдобаева ("Республика"), Эльвира Сариева (КСДП), Таалайбек Сагынов ("Замандаш-Современник).
Эл аралык сынакта 1-орунду ээлеген өзгөчө уя
Эл аралык сынакта 1-орунду ээлеген өзгөчө уя
Уя орнотууга ыктыярдуу топтор көмөктөштү
Катышуучулар уяны кайсыл бакка илүү керектигин кеңешүүдө
Уя орнотууга ыктыярдуу топтор көмөктөштү
Уя орнотууга ыктыярдуу топтор көмөктөштү
Уя орнотууга ыктыярдуу топтор көмөктөштү
Уя орнотууга ыктыярдуу топтор көмөктөштү
Иш кызуу уланууда
Чымчыктын даяр "үйү"

9-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен шаардагы сейил бактардын бирине таранчылар үчүн жыгач уялар орнотулду. Иш-чарага “Ата Мекен”, КСДП, “Замандаш-Современник” жана  “Республика” партияларынын депутаттары катышты. Ошондой эле ыктыярчы топтор күч жумшап, бак-дарактарга чымчыктар үчүн жалпы 30 уя илинмекчи. КСДПнын депутаты Эльвира Сариева мындай дейт: “Бүгүн уялардын алтоо илинди, калгандарын дагы бөлүштүрүп, шаардын жаңы конуштарындагы чакан парктарга илүүнү пландап жатабыз”. Кошумчалай кетсек, бул жыгач уянын түзүлүшүн дизайнер Татьяна Бирюгина ойлоп тапкан. Уялар эл аралык сынакка да катышып, 1-орунду ээлеген. Буга байланыштуу бул үлгүдө жасалган уялар Лондон, Москва, Баку, Вильнюс өңдүү дүйнөнүн бир катар чоң-чоң шаарларында да илинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: