Түркиянын президенти өлкөдө 3 айга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө 3 айга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Түркияда аскердик төңкөрүш кылууга жасалган аракеттерден кийин, өлкө мыйзамынын 120-беренесине ылайык, 3 айга өзгөчө кырдаал киргизилет. Бул кадам жарандардын укугун жана эркиндигин камсыздоо максатында жасалууда", - деп билдирген президент Коргоо кеңешинин жана өкмөттүн жыйынында.
Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү аскерлердин тобу бийликти басып алууга аракеттенген. Акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, төңкөрүшкө тиешеси бар деп 9332 адам кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.