Шашылыш билдирүү! Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

21-23-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"21-июлда күндүз жана 22-23-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт", - деп айтылат маалыматта.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.