Интернет колдонуучулары "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү Ситора Фармонованы колдоодо
Өзбекстандын "Узбекнаво" бирикмеси тарабынан лицензиясынан ажыратылган ырчы, "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонованы Кыргыз жериндеги интернет колдонуучулары колдоого алышууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары команда мүчөсүнө карата “Кыргыз шоу-бизнесине кош кел, бизде лицензиянын кереги жок, демократия”, “Ага Кыргыз Республикасынын жарандыгын бериш керек...” деген пикирлерин билдирип жатышат. КВНчини колдоо акциясына катышкандар көп.
Ал эми Фармонова бүгүн, 21-июлда интернет баракчасы аркылуу: “Мен жашоону сүйөм. Жөн эле жашоо керемет экенин эч бир өкүнүү, тозоктогудай кыйналуу жана бактысыздык унуттурбайт. Баарыңыздарга колдоо үчүн рахмат!” - деп жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Калп айтканы менен болобу.