super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Күндөштөр кучакташат, абысындар бычакташат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ага-ининин аялдарынын мамилелери" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Менин кайнагам үйлөнө элек, биз биринчи үйлөнүп алганбыз. Эмки айда той беребиз деп камданып жатабыз. Абысыным экөөбүздүн мамилебиз кандай болот экен деп ойлонуп жатам".

"Апаңыз абысындарына кандай мамиле кылат? Же жеңелериңиз бири-бири менен кандай мамиледе? Ошолордой эле сый болосуз. Мисалы, менин жеңелерим бири-бирине эже-сиңдилердей мамиле жасашат".

"Сиз ошол үй-бүлөнүн бир мүчөсү болгондон кийин баарына бирдей мамиле кылышыңыз керек. Колдон келишинче дос болуп, колуңуздан келген жардамыңызды берип, жардамдашып туруңуз".

"Беш кол тең эмес. Кыргызда "күндөштөр кучакташат, абысындар бычакташат" деген кеп бар эмеспи. Кудай сактасын, бирок жашоодо ар кандай учурларга күбө болуп келе жатабыз. Үй-бүлөлүү эжелер кеңештерин берип кетишет деп ишенем".

"Колдон келишинче жакшы мамиле кыла берсеңиз, өзүңүзгө жакшы болот. Менин кичүү агамдын аялы улуу агамдын аялынан улуу, ошентсе да "жеңе-жеңе" деп аябай жакшы мамиле кылат. Экөөнөн ынтымактуу адам жок. Ар бир адамдын өзүнөн деп ойлойм, кандай мамиле кылсаңыз, ошондой мамиле кайтат".

"Агадан иниси эрте үйлөнгөнү кадимки эле көрүнүш. Бир нерсени эске түйүп алыңыз: абысыныңыз сизден кийин келеби же кичүү болобу, баары бир жеңе болуп кала бермекчи. Ошондуктан жеңе деп сый-урмат көрсөтсөңөр жеңиш силер тарапта. Ортодогу сый гана ага-инини жакындаштырат. Ынтымак ыроолойт. Ылайым жакшы абысын насип этсин".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.07.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бажалар баштарын тырмашат
21.07.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы менин уч абысыным бар ото начар адамдар ичи таап биррону коро албайт олгудой ушакчы жок создорду айтынго деп чыгат келгениме сегиз жылдан ашты журогум ооруй турган болуп калды куйоом да башта ишенбейт эле Эми коруп билип суйлошпо эч Ким менен деп аяп калды беш кол тен эмес эртенкиге эрмек кечкиге жомок болуп журобуз намаз окуп кичине озум оорубай калдым азыр аларды ойлобойм дагы тооба деп журом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: