Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын Д.Н. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 2015-жылдын 25-ноябрында Т. аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын "сатып алам" деген шылтоо менен алып, 4700 доллар акчасын бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 35 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.