super.kg logo

Айыл чарба министрлиги II жарым жылдыкта 300дөн ашык күнөскана курууну пландоодо

 

Айыл чарба министрлиги II жарым жылдыкта 300дөн ашык күнөскана курууну пландап жатат. Натыйжада тамчылатып сугаруу системи күч алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 200дөн ашык трактор банк аркылуу дыйкандарга лизингге берилет. Талаачылыктан өндүрүлгөн товарды сатууга көмөк көрсөтүү үчүн кайра иштетүүчү ишканалар жана ар бир облуста логистикалык борборлор ачылмакчы.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында ар бир облуста экиден заманбап касапкана ачууну ишке ашырабыз. Ал эми алдыда өсүмдүк жана мал чарба продукциясынын сапатын аныктаган эл аралык стандарттарга жооп бере турган атайын лабораторияларды курууну максат кылып, облустук, райондук бийлик органдары менен биргеликте
иш-аракеттерди жасайбыз"
, - деп кошумчалады министр.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын II жарым жылдыгында жаңы иштетилүүчү жерлерди өздөштүрүү үчүн Кадамжай районунун Бүргөндү ирригациялык курулмасы, Ак-Талаа районунун Ак-Сай дарыясына суу тосмо курулуп, Кадамжай районунун Кара-Кыштак каналы ишке кирмекчи.

Мындан сырткары өлкө боюнча 300дөн ашык жаңы күнөскана куруу министрликтин негизги милдеттеринин бири экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.07.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ыссыкколдо ар бир уйбулоо теплица салганга оз уйбулоо каражаттары менен салганга чамданууда аябай кулкумуштуу эл Эмне кылса окмот ошону кылат экен да мен ойлогом окмот бир нерсе кылса эл ошону кылатгоо деееп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: