Аламүдүн районунда колбаса чыгарган цехтин 800 чарчы метр чатыры күйүп кетти
Аламүдүн районунда колбаса чыгарган цехтин 800 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:00 чамасында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы колбаса чыгарган цехтин чатыры өрттөнүп жатканы айтылган. Өрт болгон жерге 8 өрт өчүрүүчү унаа барып, өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда өрт курчоого алынып, өрттүн майда учкундарын өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Өрттүн кесепетинен цехтин 800 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.