super.kg logo

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзам талкууланды

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 20-июлда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы боюнча укуктук-ченемдик актыларды талкуулоо үчүн конференция уюштурду. Аталган иш-чарага президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматтардын статс-катчылары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен уюштурулду.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу механизминде өзгөчө орунду ээлеп, мамлекеттик саясаттын максаттарына жетишүү жана сапаттуу тейлөөлөрдү камсыз кылуу үчүн өзөктүү стратегиялык ресурс болуп саналат. Ошондуктан жарандык кызмат жана муниципалдык кызматта кызмат өтөөдөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу - негизги функция”, - деди Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан баштап күчүнө кирген. Учурда Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан ушул мыйзамды жүзөгө ашырууга багытталган укуктук-ченемдик актылардын долбоорлору иштелип чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: