super.kg logo
  Спорт  

Эл аралык "Азия балдары" оюндарында кыргыз спортчулары 17 медаль тагынышты

 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кечээ, 21-июлда Эл аралык "Азия балдары" оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды. Ал өз кезегинде өлкө желегин желбиретип жаткан спортчуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, VI Эл аралык "Азия балдары" мелдеши 6-17-июль аралыгында Якутияда өткөрүлгөн. Ага 35 мамлекеттен 2 миңден ашык спортчу катышып, 22 спорт түрүнөн 211 комплект медаль ойнотулган. Кыргыз спортчулары жалпысынан 17 медаль тагынышты (3 алтын, 2 күмүш, 12 коло).

Алтын медаль тагынган спортчулар:

Денис Петрашов (сууда сүзүү, 200 метр, брасс стили), Кубанычбек Айбек уулу (дзюдо, 46 килограмм салмакта), Ильгиз Матмусаев (бокс, 57 кг).

Күмүш медаль тагынган спортчулар:

Денис Петрашов (сууда сүзүү, 100 метр, брасс стили), Нургазы Жанбосунов (самбо, 42 кг).

Коло медаль тагынган спортчулар:

Футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы, Мария Тимошенко (Якутиянын улуттук оюну ыстанга), Сансанза Хамид (дзюдо, 60 кг), Адил Мырзаев (дзюдо, 66 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (эркин күрөш, 38 кг), Дастанбек Ормонов (бокс, 48 кг), Санжар Сейдакматов (бокс, 52 кг), Урмат Бектурсунов (бокс, 75 кг), Сүйүнбек уулу Сулайман (бокс, 70 кг), Алияр Юбуров (таэквондо, 73 кг), Темирлан Молдорозов (мас-рестлинг, 74 кг), Арсланбек Турдубеков (мас-рестлинг, 74 кг).

Кыргыз спортчулары командалык эсепте 12-орунду ээлешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.07.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чакан учак менен Жер шарын айланып учканы жаткан кыргыз учкучуна өкмөт башчы ак жол каалады" ушул статья саясатка кирбейт го ачып эле койсонор болбойбу биз да ийгилик каалап коелу
22.07.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун жаш жигиттерибизге балдарыбызга да жакшыллыктарды каалайбыз дайыма элибиздин жузун жарык кылып желегин желбиретип журо бергиле Азаматтар!!!
22.07.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар. Ийгиликтер көбөйө берсин.
22.07.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: