super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко: "Холли Холмго каршы беттеште жеңиш үчүн эмне кылуу керектигин жакшы билем"

 
Тай бокс боюнча бир нече жолку Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 23-июлда эрежесиз эр уруш боюнча кезектеги беттешин өткөрөт. "UFC on Fox 20" мелдешинде анын атаандашы америкалык Холли Холм болмокчу.
Спортчу мелдештин расмий сайтына берген маегинде анын машыктыруучусу Павел Федотовго ок атылганда кандай ойдо болгонун, беттешке кандай даярданганын айтып берди.
Кошумчалай кетсек, Перудагы кафелердин бирине 3 куралданган адам кирип келип, кассадан 1486 доллар жана бир катар баалуу буюмдарды алып кетишкен. Бул жайда Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов да болгон. Федотов каршылык көрсөткөндө ага ок атылып, ал жаракат алган.
"Павелге ок тийип, ал жерге жатып калганда ага жардам берүү керектигин ойлондум. Башымда "Эмнеге мунун баары азыр болуп жатат?" деген ой турду. Азыр баары жакшы, окуя мындан жаман аяктап калышы мүмкүн эле. Окуядан кийин мен үйдөн чыккым келбей жүрдү. Тегерегимди каранып, мага бирөө кол салчудай сезилип жатты", - дейт спортчу.
Валентина беттешке даярдыгы тууралуу буларга токтолду: "Павелдин абалы учурда жакшы. Холмго каршы беттеште мени колдоп, октагондун бурчунда болот деп үмүт кылам. Бул мен үчүн өтө маанилүү. Мен беттешке даярмын жана жеңиш үчүн эмне кылуу керектигин жакшы билем. Албетте, шылуундарга байланыштуу окуя биздин машыгуубузга терс таасирин тийгизди. Ошентсе да биз беттешке физикалык жана психологиялык жактан даяр болдук. Беттеште өзүмдү мыкты көрсөтөрүмө ишенем".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
22.07.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын сыймыгы. Алга Валентина. Биз дайыма сени менен.
22.07.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах-таалам озу колдосун.Ийгилик каалайбыз.Кыргызстандын дагы бир сыймыгы!!!
22.07.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Холм кучтуу спортсмен. Аны жениш кыйыыыыын....ошентсе да ийгилик Валентина
22.07.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Валентина
22.07.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бул спортчу кайсыл өлкөнүн атынан чыгат,маалыматынар болсо жазып койсоңор,алдын ала рахмат
22.07.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonathan88,KYRGYZSTAN деп туратко.
22.07.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка эле тээп салчы салам беримиш болуп туруп. Холм уктап бир аз түшкөрүп турсун.
22.07.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ушинтип мактанбаш керек да бой бололекте эле. Көбү алдын ала чакчаңдап атып жеңилип калышат
22.07.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Холм жанагы Ронданы женген кыз беле?
22.07.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик валентина..
25.07.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жендиии гооо Валентина
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: