super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ИЮЛЬ: Америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес 24 жашка толду

 

Америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес бүгүн, 22-июлда 24 жашка толду. Ал 1992-жылы АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында туулган.

Селена Гомес италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган. Селена 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” мультсериалына тартылып калган. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя”, “Ханбийкелерди коргоо программасы”, “Ханна Монтана”, “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Бара-бара ырчылыкка да аралаша баштап, 2009-жылдан тартып “Селена Гомес жана сахна” (“Selena Gomez & the scene”) аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын вокалчысы болуп калат. Алардын дебюттук альбому “Өп жана айтып бер” (“Kiss & tell”) деген аталышта ушул эле жылы чыккан. Селена Гоместин ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде.
Ырчы жаш болгону менен, кайрымдуулук жаатында да таанымал болуп, 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин тарыхында эң жаш ыктыярдуу элчи болгон.

22-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.07.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо менин суйуктуу ырчым,супер инфо селена жонундо кенениреек жазсаныздар сураныч кутом мисалы жеке жашоосу жонундо жастин мн
22.07.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суроттору ырлары баары бар менде эхх селена I love you элемго
22.07.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Селена гомез жастин менен 2010жылдан бери кыз жигит катары суйлошуп келишет бирок турмуш курган эмес менин билишимче
22.07.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жастин менен Селенанын жашыруун тартылган видеосун көргөм, порно деп коёт го
23.07.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тырышчаак кыз экен! Жаш болгонуна карабай, чын эле толугурак маалымат кутобуз Супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: