Бишкек жана Чүйдө кылмыш кылууга камынган "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаран кармалды (фото)



Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кылмыш кылууга камынган "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаран кармалганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 22-июлда билдирди.
Маалыматка таянсак, Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгынын кызматкерлери атайын жүргүзүлгөн
иш-чаранын негизинде Чүй облусунда убактылуу жашоо үчүн Кыргыз мамлекетине учуп келген "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаранды 21-июлда Бишкектен кармашты.
Кармалган адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында кылмыш жасоого даярданган. Анын жанынан медициналык бет кап, жасалма чач, ок атуучу курал, ок жана диний мазмундагы DVD-дисктер табылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алынган далилдүү материалдар боюнча экспертиза дайындалды.

Ал жерде паранжа кийинген карындаштарыбызга айтылган сөз. Жылаңачтарга айтса болбойт кайда баратабыз деп. Алар кыргыз маданиятына салымын кошуп жатат.