Ош шаарында жарым жыл ичинде 1 миллиард 654 миллион сомго өнөр жай продукциясы чыгарылган








21-июлда Ош шаарында 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары тууралуу коллегия Ош шаарынын активинин катышуусу менен болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган коллегияга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов жана ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери катышышты. Коллегиянын алкагында 2016-жылдын биринчи жарымында жергиликтүү бюджетке 423 миллион 769 700 сом түшкөнүн белгилеп, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров социалдык-экономикалык өнүгүү жөнүндөгү баяндамасы менен чыкты. Анын айтымында, Ош шаарында 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 миллиард 654 миллион сомго өнөр жай продукциясы чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.