Алмазбек Атамбаев көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген кыз-келиндер курамасын кабыл алды
Бүгүн, 23-июлда президент Алмазбек Атамбаев көчө футболу боюнча улуттук кураманы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
500дөн ашык оюнчу катышып, кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталган мелдеште кыргыз кыздары 2-орунду камсыздашкан. Катышуучулар 52 мамлекеттен чогулган. Мелдешке кыргыз кыздары машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетеги астында катышышып, финалда Мексикадан келген кыздарга утулуп калышкан (5:0). Коло медалды Шотландияны уткан Чили курамасы камсыздады.
Кошумчалай кетсек, команда көчө футболу боюнча Шотландияда өткөн мелдеште 2-орунду камсыздаган. Дүйнө чемпиондугу 14 жылдан бери уюштурулуп келет. Мелдешти өткөрүү идеясы шотландиялык жеке ишкер Мел Янг жана австралиялык гезиттин редактору Харальд Шмидтке таандык. Чемпиондуктун максаты - коомдогу үйсүз жарандарга тиешелүү көңүл бурдуруу, алардын жашоо шартын оңдоого көмөктөшүү жана алардын арасындагы таланттарды иргеп, келечек түзүп берүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Кыргыздын тарыхында илгери тилемчилик болгон эмес, ачтан олуп баратса да кайыр суроону намыс коруучу. Азыркы оор шарттан улам кайыр сураган, уй-жайсыз кочодо калган кыргыздар, айрыкча кыргыз кыз-келин, энелер кобойду. Биз суйунбой уялышыбыз, намыстанышыбыз керек
Атамбаев куттуктагандын ордуна ар бирине уй берип "кыргыздын кыз-келиндери кочодо калбасын" деп акция уюштурса болмок... Ошолорго шарт тузуп, жумушка орноштуруп коомго кайра кошсо туу
Атамбаев экооно булар спортсмен корунсо, эл учун жашоо-турмушу оор, тагдырдын "огой" кыздары...