Тарых музейинде чыккан өрттү өчүрүүгө 6 сааттан ашык убакыт талап кылынды
22-июль күнү саат 22:12де Өрт өчүрүү кызматына "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жалпысынан өрт өчүрүүгө 5 даана өрт өчүрүүчү унаа, 60тан ашык куткаруучу, "Тазалык" ишканасынын 5 кызматтык унаасы, "Тез жардам" кызматынын 5 бригадасы, Биринчи Май райондук ИИБинин 50 кызматкери жана 10 даана кызматтык унаа тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22:12де чыккан өрт саат 04:42де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо музейдин төмөнкү кабатындагы баалуу буюмдар жок жайдан тутанган, андыктан анын кесепетинен экспонаттар жана имарат жабыркаган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
mashirapova

23.07.2016. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу кудай сактасын тилсиз жоодон
Labadax

23.07.2016. 21:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тарых музейде 7 сааттын тегерегинде эч нерсе куйбосо,анда эмнеси куйду экен.Баарын жаап жашыра бергиле,ичинен нефти чыгып нефти куйгон го анда.
meerimma84

24.07.2016. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
саттынар, анан ортту жактынар анан ишти жаптынар...
Aidai5555

24.07.2016. 12:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
6 сааттан ашы очурушсо, орт катуу эле болгон го... Анан имарат, экспонаттар кантип жабыркабайт, 6 саат деген коп убакыт да...
Frunze74

24.07.2016. 14:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмот жана МЧС башкармалыгы экспонаттар жабыркабады деп маалымат таратканы менен коп экспонаттар талкаланып, айрымдары куйуп, айрымдары суу астында калган... Музей ремонт болоордо (тем более на длительный срок) бардык экспонаттарды башка имаратка аздектеп ташып жайгаштыруу керек эле музейдин кинозалына таштанды уйгондой туш келди ыргытып уйо бербей. Алар элибиздин маданий баалуу мурастары экенин тушунбой, таштандыга тенеген музей директору менен маданият министрине БАРАКЕЛДЕ!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.