super.kg logo

Кыргыз окуучулары Вьетнамда өткөн биология предмети боюнча олимпиадада коло медалга ээ болушту

 

2016-жылдын 17-24-июлунда Вьетнамдын Ханой шаарында биология предмети боюнча "LII International Biology Olympiad (VOVworld)" Эл аралык олимпиада өттү. Ага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 288 окуучу катышкан.

Кыргыз Республикасынан “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Эмир Касымалиев, Даян Мэлисов, Ислам Бекташев жана Садатбек уулу Байэл барган. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Таластагы “Манас ата-Себат” лицейинин окуучусу Даян Мэлисов жана Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Ислам Бекташев коло медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда мекеменин коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

"Биология предмети боюнча бул олимпиада 1989-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында биология предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар!
(Бирок "Себаттан" башка мектептер аракет да кылышпайт го, сыягы, анткени жалаң эле "Себат" катышып, ийгилик жаратып жатканы байкалууда)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: