super.kg logo

Баткен районунда ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына акчалай жардам көрсөтүлдү

 

Баткен облусунун Баткен районунда ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына Орозо айында чогултулган орозо-битирден акчалай жардам көрсөтүлдү. Кыш мезгилинде Орусияда өрттөн каза болгондордун балдары менен Баткен районунун аймагынан комиссия тарабынан тандалып алынган 24 балага 1000 сомдон жана райондун аймагындагы эки медресеге 10 878 сомдон акчалай жардам берилди. Андан соң балдарга жана алар менен чогуу келген жакындарына сый тамак уюштурулду.

"Балдардын жетим болуп калуусуна алар күнөөлүү эмес. Ал Жараткан тарабынан берилген сыноо. Ага эч кайгырбаңыздар. Тескерисинче, шүгүр кылып, артынан жакшылык келерин унутпаңыздар. Биз берип жаткан акчаны балдардын гана муктаждыгына иштетиңиздер. Балдарга керектүү болгон кийим, оюнчук, китеп жана калем сатып беришиңиздерди суранам", - деди райондун башкы имамы Нуридин Мамасабиров.

Бул жылы Баткен районунун аймагында орозо-битирден чогулган акчалардын 50 пайызы мечитте калтырылып, шарият талаптарына ылайык таратылды. 15 пайызы хатибиятка, 15 пайызы облустук казыятка, 20 пайызы муфтиятка которулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооп иш кылышыптыр, бирок садага-битирдин баарын эле (100%) колунда жокторго, ата-энесинен эрте ажыраган байкуш балдарга ж.б. таратса болмок экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: