super.kg logo

Боом капчыгайындагы кафелердин ажатканалары бир айда оңдолот

 

24-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда облус башчы Ысык-Көлгө көптөгөн чет элдик жана жергиликтүү тургундар келишерин айтып, алардын көпчүлүгү кафелердин тейлөөсү менен ажатканалардын абалы начар экенин билдиришкенин кошумчалады.

"Бул жылы биздин аймакта ири масштабдуу иш-чаралар өтөт, ага ылайык, тейлөө жогорку деңгээлде болушу керек. Аймактын жакшы имиджи жана туристтик багыттын өнүгүүсү баарыбыздан көз каранды", - деди Акибаев.

"Ажатканалардын абалын өзүнчө айта кетиш керек. Кыргыздар илгертен "эшигин көрүп, төрүнө өт" деп айтып келишкен, андыктан Ысык-Көлгө бара жаткан туристтер алгач коомдук тамактануучу жайларга жана ажатканага көңүл бурушат. Бардык талаптарга жооп берген таза ажаткана - эң жакшы маркетингдик кадам. Силер бул маселени чече аласыңар деген ойдомун", - деп кошумчалады облус башчы.

Өз кезегинде кафелердин ээлери бир айда бул маселени чечүүгө сөз беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.07.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмиби, жайдын экинчи айы соңуна чыгып баратат!!! (Айла канча, кыбырай бергиле ошентип, кыбыраган кыр ашат!!!)
25.07.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир айда ажаткана эмес үй салып койсо болотго
25.07.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмот Ош-Бишкек ж.б.алыскы жолдорго ар 80-100 км.ге заманбап туалеттер курдуруп койсо болот го шарттары менен аял-эркектерге башка башка кылып. Ошол туалеттер Жогорку Кенештин 120 депутатына караганда алда канча коп пайдалуу эл учун, чыгымы да алда канча аз болот депутаттардын чыгымынан...

Туристери жок эле оз элибиз учун курса деле болот го, соопчулук учун, ал жолдордо ар куну канчалаган адам отот.
25.07.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы Балыкчыга киребериштеги экопост ар машинеден 200-500 сомго ч-н акча алат ошол акчалар кайда кетип жатат.Кунуно сезондо мин деген машине отот ошол экопостон ошол акчага заманбап ажатканаларды салып коюшса болмок.
25.07.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир заправкага милдеттуу турдо ажаткана курдуруу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: