super.kg logo

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын аймагы иреттелип, Эгемендүүлүк майрамына даярдыктар башталды

 

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын аймагы иреттелип, Эгемендүүлүк майрамына даярдыктар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканасынын адиси Нурбек Чолпонов билдирди.

"Жол четиндеги лотоктор алмаштырылып, дарактар акталып, ийилген шактарды кыркуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул кадамдардын баары 31-Август - Эгемендүүлүк майрамына карата жасалууда. Анткени майрамга утурлай шаарыбызга чет элден жана өлкөнүн башка аймактарынан коноктор келет. Ошондуктан шаардыктарга жана конокторго жагымдуу маанай жаратуу үчүн аракет кылып жатабыз", - деп кошумчалады Чолпонов.

Маалыматка ылайык, шаарды тазалап, иретке келтирүү иштери 31-Август - Эгемендүүлүк майрамына карата жүргүзүлүүдө. Иреттөө иштери 1-августка чейин жыйынтыкталат.

"Учурда жерге батып кеткен жана эскилиги жетип жараксыз болуп калган 400 даана лотокту алмаштырдык. Мындан сырткары ордунан жылып кеткен бордюрларды ордуна кайрадан коюп, жараксыз болуп калгандарын жаңылап жатабыз", - дейт муниципалдык ишкананын адиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш башталыптыр, эрте кам көрүп .
Мурдагы кабарда, ат чабыш саясатка кирип калганбы ? Аттын аты кандай болду экен ?
25.07.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштеп жатышат ары бери отуп коруп калып жатам коруп алып конул да которулуп калат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: