super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Мейли..." клибиндеги кызды соода борборлорунун биринде боёнуп жаткан жеринен клипке тартабыз деп алып чыгышкан" дейт Алмаз Шаадаев

 

Ырчы Алмаз Шаадаевдин "Мейли..." аттуу клиби "Медиа-портал" бөлүмүндө орун алган. Күйөрмандар ырынын обонун башка ырчылардыкына окшоштурушкан. Ырчы "7 нота болсо, окшоштуктар болуп калат кээде, бирок мен аябай окшош деп айта албайм" деп жооп берди. Клипте Алмаз Шаадаев сүйгөн кызы көзүнө чөп салган баланын ролун ойнойт. Ырчыдан тышкары клипте актёр Болот Тилек да тартылган. Ал эми башкы ролдогу кызды Бишкектеги соода борборлорунун биринде боёнуп жаткан жеринен эле клипке тартабыз деп алып чыгышканын кошумчалады ырчы.

"Клипти тартууда эч кандай кастинг болгон жок. Анда сүйлөшкөн кызымдын ролун жараткан кызды таанычу эмеспиз. Соода борборунда боёнуп жаткан жеринен эле балдар клипке тартабыз деп ээрчитип чыгышкан. Экөөбүз клиптин башталышында урушабыз, урушкандардын ролун жаратуу оңой эле болгон. Мен айдаган унааны да ошол жерден өтүп баратканда эле тосо коюп, ичине биз түшө калып тартылганбыз. Мейманканадагы кадрларда "бул болгону клип" деп түшүндүрүп жатып кызды көндүрүп, Болот Тилек менен тарттырганбыз", - деди Шаадаев.

"Клипте кийимим менен бөлмө бирдей болсун деген ойдо базардан атайын чаар ала кездеме сатып алып кийим тиктиргем. Ошол бөлүгүн таңкы саат 5ке чейин тартканбыз, себеби кездеме скотч менен кармалбайт экен же мык менен да кага албайбыз. Убара болуп жатып эптеп карматканбыз", - дейт ырчы.

Клипте ырчы күзгүнү сындырган жери тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

"Бир эле дубль менен сындырышым керек эле, окшошпой калса убара болмокмун. Аябай даярдандым, ошентип ал жерин бир эле аракет менен ойдогудай тарттык".

Клипти көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
25.07.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ыры да клипи да
25.07.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр бала экен,кечки Бишкек корсотуусунон коргондон бери сыйлап калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: