super.kg logo

Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" 36 гектардан ашуун аймакты ээлеп, сезон учурунда 400дөй адамды жумуш орду менен камсыздайт

 
Санаторийдин кире бериши
Санаторийдеги "Кышкы бакча"
Санаторийдеги белгилүү "Кышкы бакча"
Санаторийдин ашканасы
Космонавттар сейил багындагы эстелик
Санаторийдин аймагындагы көлдүн жээги
Кичинекей балдар үчүн шарттар каралган.
Жээктеги кафе
Санаторийдин аймагында түрдүү бак-дарактар өсөт.
Көлгө алып барчу тротуар

Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" санаторийи көп жылдык тарыхка ээ. Кыргыз жериндеги алдынкы эс алуучу жайлардын бири болгон санаторийге өлкөнүн бардык аймактарынан, коңшу Казакстандан, КМШ өлкөлөрүнөн бери келип эс алышат.

"Кыргыз деңизи" 1960-жылдары курулуп, Тоо-кен комбинатына караштуу болгон. Алгач 42 гектар аймакты ээлесе, учурда 36 гектардан ашуун аймакты ээлейт. Айланасын бак-дарактар, карагайлар курчаган пансионат 350дөй адамды эмгек орду менен камсыз кылса, сезон учурунда 400 орунга чейин жетет. Санаторий 850 эс алуучуга ылайыкташтырылган, 4 корпусу бар. Башкы корпуста дарылануучулар эс алышат.

Корпустардын бири - космонавттар корпусу. Мурда космонавттар ачык космоско чыгып келишкенден кийин Ысык-Көлдөн дарылоодон өтүшкөн. "СССРдеги 15 мамлекеттин ичинен эмне үчүн Кыргыз жеринде эс алышкан?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Ошол учурда Ысык-Көлдүн абасы, географиялык абалы, суусу терең изилдөөдөн өтүп, адамдын ден соолугуна пайдасы зор деп табылган. Андыктан космонавттар үчүн "Кыргыз деңизи" санаторийинде эс алууга, дарыланууга толук шарттар түзүлгөн. Ал гана эмес, алар тарабынан атайын балатылар тигилип, Космонавттар сейил багы түзүлгөн. Жакында эле аны улай дагы Космонавттар сейил багы ачылып, эстелик орнотулду.

"Биз үчүн "Кыргыз деңизи" биринчи орунда, мыктылардын мыктысы деп ойлойбуз. Албетте, учурда атаандаштык күч. Ушул эле аймакта жеке эс алуучу жайлар, санаторий-пансионаттар да көбөйүп кеткен, бирок бизде дарылануу базасы өтө күчтүү. Дарылоонун эмне деген гана түрлөрү жүргүзүлбөйт, кыскасы, бардык түрдөгү дарылануудан өтсө болот. Санаторий болгондуктан, тамак-ашы да диеталык талаптарга жооп берет. Жалаң экологиялык таза азыктар колдонулат. Тамак-аш жаатына да дайыма көзөмөл күчтүү болот. Биз жайы-кышы иштейбиз, эс алууга чыгып кетүү бизде жок. Ири ишканалар менен иштешип, аларга келишим баада өз кызматтарыбызды көрсөтөбүз. Андыктан бардык ден соолугумду чыңдайм, жакшы эс алып кетем деген жарандарыбызды бул жерде эс алып кетүүгө чакырабыз", - деди санаторийдин жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Аида Султанова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.07.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы шарт түзсө болотко теннисный корт мини футболный поля
26.07.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баасын жазып койсоңор абдан жакшы болмок.
26.07.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо баасын билип бергилечи, биздин чөнтөккө туура келээр бекен. Жолдомону кантип, кайсы жерден алса болот дегендей...
26.07.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Купуя кат аркылуу санторийдин баасын жазып койгулачы сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: