super.kg logo
  Саясат  

Текебаев өлкөдө түрк лицейлерин жабууга каршы

 

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Түркиянын тышкы иштер министринин Кыргыз жериндеги айрым түрк лицейлери тууралуу айткан билдирүүсүн "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" деп атады. Депутат социалдык тармактагы баракчасына жазган пикиринде Кыргыз мамлекети көз карандысыз өлкө экенин белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын территориясында өзүнүн Конституциясы жана мыйзамдары гана иштейт. Өлкөнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыгы бар. Өлкөдөгү "Себат" билим берүү мекемеси жаштарга билим берүүдө чоң салымын кошуп жатат. Ошондой эле жарандар Конституция берген укугунун негизинде ал окуу жайды эркин тандап алып окушууда. Ошондуктан Түркиянын тышкы иштер министринин бул сунушун, биринчиден, негизсиз, экинчиден, биздин ички ишибизге кийгилишүү катары баалайм", - деди "ата мекенчи".

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги түрк лицейлерин жабуу талабы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: