Акчанын айынан өз энесин сабап өлтүргөн деп шектелип 54 жаштагы жаран кармалды
Өз энесин сабап өлтүргөн деп айыпталып 54 жаштагы Б.А. аттуу жаран 8-апрелде кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 26-мартта Чүй облусундагы Панфилов районунда болуп өткөн. Кылмышка шектүү жаран тергөө учурунда күнөөсүн моюнга алды. Ал апасы пенсияга алган акчасын бербей койгондугу үчүн өлтүргөнүн айтып берди. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.