super.kg logo

Бириккен Улуттар Уюму өлкөнүн үч министрлиги менен кызматташууга кол койду

 

Бириккен Улуттар Уюму менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу жана жумушсуздукту жоюу максатында кызматташууга кол койду.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району жана Нарын облусунун Кочкор райондору атайын пилоттук район болуп тандалып алынган. Аталган райондордо мындан ары билим берүү, айыл чарба багыттарында долбоорлор ишке ашырылат. Ал эми аталган долбоорлорду ишке ашырууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тартылмакчы.

"Мындан ары аз камсыз болгон жумушсуз адамдар иш менен камсыз болушат. Анткени БУУнун Азык-түлүк программасы менен келишимди узартып, мындан сырткары үч министрлик менен иштешүүгө кол койдук. Алдыда 497 долбоорду ишке ашырууга 66 миңден ашуун адам тартылмакчы", - деп билдирди эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.

Белгилүү болгондой, министрликтер кызматташтыгы 2017-жылдын аягына чейин уланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: