super.kg logo

"Бишкек жылуулук" ишканасы "Таш-Көмүр" көмүр казуу ишканасы менен иштешүүдөн баш тартып, айдоочулар жана жумушчулар ишсиз калышты

 

"Бишкек жылуулук" ишканасы "Таш-Көмүр" көмүр казуу ишканасы менен иштешүүдөн баш тартып, көп сандагы айдоочулар жана жумушчулар ишсиз калышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жылуулук" ишканасы "Таш-Көмүр" көмүр казуу ишканасынан 1 тонна көмүрдү 2600 сомго сатып алса, Казакстандан 3800 сомдон сатып алууда. Аталган ишкана "Таш-Көмүр" көмүр казуу ишканасы менен 2003-жылдан бери кызматташып келген.

"Бишкек жылуулук" ишканасы кызматташуудан баш тартып, миңден ашуун айдоочу, 100дөн ашуун кызматкерлер жана ондогон жүк ташуучулар жумушсуз калып жатышат. Тез аранын ичинде кызматташууну кайрадан жөнгө салбаса, анда нааразычылыктар күчөй берет. Карапайым эл кыйналып жатат. Казакстандан кымбат көмүр алганча өзүбүздүн көмүрдү алсын", - деп билдирди "Таш-Көмүр" көмүр казуу ишканасынын өкүлү Үсөн Бабатаев.

Ал эми көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев: "Бишкек жылуулук" ишканасы элдин тагдырын биринчи орунга коюш керек болчу. Тескерисинче, аталган ишкана жыл сайын мамлекетке 2 миллиард сомго чейин чыгым алып келет", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабатаев эч тынчыбайт экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: