super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн танк айдоочулары 16 өлкө катышкан "Танк биатлонуна" катышат

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн танк айдоочуларынын курамасы "Алабино" аскер полигонуна барган соң "Танк биатлону" жана "Суворов чабуулу" аттуу сынактардын чүчү кулагына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бүгүн, 26-июлда кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн танк айдоочулары 16 өлкөдөн келген атаандаштары менен ат салышат. Алар: Азербайжан, Армения, Ангола, Беларусь, Венесуэла, Зимбабве, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кувейт, Монголия, Никарагуа, Орусия, Сербия жана Тажикстан.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча командалар Т-72БЗ орусиялык танктарын бөлүштүрүп алышса, Беларусь менен Кытай өздөрүнүкү менен катышууну чечишкени маалым болду.

"Биз ушуну менен үчүнчү ирет "Танк биатлонуна" катышуудабыз. Өткөн жылы 13 команданын ичинен 6-орунду алсак, 2014-жылы 7-орунга ээ болгонбуз. Бул жылы катышуучулардын саны көбөйдү, бирок биз алдынкы орунду алганга аракет кылабыз. Анын үстүнө биздин танк айдоочулардын көпчүлүгү өткөн жарышуулардан тажрыйба алып калышкан", - деди команданын машыктыруучусу, подполковник Мурат Матраимов.

"Танк биатлонуна" 54 экипаж катышып, алгачкы жарыш 30-июлда башталып, анын жүрүшүндө үч мыкты экипаж аныкталса, ар бир өлкөнүн экипаждарынын көрсөткүчтөрү менен 12 мыкты курама аныкталып, жарым финалга чыгышат. Андан соң 4 мыкты команда финалга жолдомо алат. Финалдык жарыш 13-августта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
26.07.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга жигитер ийгилик
26.07.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсыл бир жылы Танкабыз бузулуп калып уят болгонбузго
26.07.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kairyl,Ооба 2014 Орусиядан чыккан, бирок Кыргызстандын танкасы болгон..
26.07.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазылып турат го Орусиянын танктары менен катышат деп
26.07.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Алла озу колдосун,алгаааа!
26.07.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин офицерлерим журотко ийгилик силерге...
26.07.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!!!
27.07.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер ийгилик!! Кудай буйруса Алабиного барам, колдогону!
27.07.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар козго атар мерге болушкан. Ошону далилдеп 1 орунду алып койгула эле. Алга азаматтар.Биз силерди колдойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: