super.kg logo

Өзгөн шаардык ооруканасында оорулуулардын кезек күтүп калуусу боюнча тиешелүү адамдарга чара көрүлөт

 

25-июлда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Өзгөн шаардык ооруканасынын дарыгерлери жумушуна кечигип келишкендиктен ооруканада кезек күткөндөр көп экенин билдирген.

"Жумуш убактысы саат 8:30да башталса, 9:12 чамаларында бирин-экин гана медайымдар менен практикант кыздар жүрдү. Бул аралыкта эле "көзүмдү текшертем" деп келгендердин саны 21ге жетти. Бул кенебестикпи же көнүмүш адатпы?" - деген окурман медицина кызматкерлерин жоопкерчиликтүү болууга чакырган.

Бүгүн, 27-июлда бул маселе боюнча Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан жооп беришти. Аталган борбордун директорунун орун басары З.Дукенбаеванын билдирүүсүнө таянсак, айыл жерлеринде дарыгерлердин жетишсиздиги жогорудагыдай абалга алып келүүдө.

"25-июль күнү саат 8:30да көз дарыгери Икрор Умаралиев жана эки медайым график боюнча оорулууларды кабыл алып жаткан. Бир мезгилде канча бейтап келсе дагы кезек менен текшерилет, "Тез жардам" кызматы аркылуу келип, текшерилүүгө муктаж болгондор гана кезексиз текшерилет. Өзгөн районундагы Куршаб жана Мырзаке айыл аймактарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көз дарыгерлери жок. Буга байланыштуу район тургундары бизге кайрылышкандыктан, көпчүлүк учурда көз дарыгерине кезекке турганга мажбур болуп калышат. Ошондой эле айылдык шартта унаалар район борборуна эртең менен эрте келгендиктен жана кайра кеч кайткандыктан, жарандар эртең менен бир убакта кезекке туруп калышат. Жогорудагы кемчиликтерди жоюу максатында 28-июлдагы жыйында бул маселе талкууланат жана чара көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү чындыгында Өзгөн райондук орукана бардак тазалык начар анан врачтарда жакшы маани беришип карашпайт. Мөөнөт күтүү бул факт. Анан көрө Куршаб ооруканасы райондук оруканага караганда таза жана врачтарда жакшы кабыл алып тез арада жардам корсотуп жата турган болсо шарт тузуп беришет. Өзгөн раойндук орукананы өзү толук текшериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: