super.kg logo

Транспорт жана жол министри айдоочулардын нааразычылыктары боюнча атайын комиссия түзүп иштей баштады

 

Автомобилдик жана сууда сүзүү транспорту мамлекеттик агенттигинин жетекчисине нааразы болгон айдоочулар өкмөт өкүлдөрү жана транспорт жана жол министри менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин айдоочулар "Биздин укугубуз тебеленип жатат. Өкмөт бизди карабай койду. Автомобилдик жана сууда сүзүү транспорту мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Деңиз Сулайманов 9 кызматкерди мыйзамсыз жумуштан алды" деген нааразычылыктарын айтышкан.

Ал эми нааразычылык билдирип жаткан Жумагүл Сайбекова менен байланышканыбызда ал өз сөзүндө: "Автомобилдик жана сууда сүзүү транспорту мамлекеттик агенттигинин айдоочуларынын талабын аткарууга 10 күн убакыт берилди. Транспорт жана жол министри атайын комиссия түзүп, Автомобилдик жана сууда сүзүү транспорту мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Деңиз Сулаймановдун ишмердүүлүгүн текшерип жыйынтык чыгарабыз деген чечимге келди", - деп билдирди.

Нааразы болгон айдоочулар өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушкан. Жыйынтыгында министр маселени чечерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: