super.kg logo

"Аялдын намысы кийим менен ченелбейт" дейт блоггер Данияр Айтман

 
Ош шаарындагы Батыш кичи району
Ош шаарындагы Батыш кичи району
Нарын облусундагы Кочкор районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан баннер
Алай районунун Гүлчө айылындагы айланманын жанында, "Алымбек датка" комплексинин жанындагы баннер
Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, Райондук аскер комиссариатынын жаны
Араван району, Юсупов айыл өкмөтү, Райондук архитектуранын жаны
Кара-Кулжа району, Кара-Кочкор айыл өкмөтү, Сары-Булак айылы
Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, Райондук аскер комиссариатынын жанындагы баннер
Ноокат району, Гүлстан айыл өкмөтү, Ош-Баткен жолунда, стадиондун жаны
Ноокат району, Ноокат шаары, Ленин көчөсү, айланма жолго 50 метр жетпеген жерде жайгашкан баннер
Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, "Телекомдун" жаны
Кара-Суу району, Ош-Кара-Суу жолунун 18-чакырымы, Сарай айылдык аймагы, Тельман участкасы
Өзгөн району, Манас, Ленин көчөлөрүнүн кесилиши. Борбордук базарга 200 метр жетпей...

"Элим, кайда баратабыз?!" баннерлери Кыргыз Республикасынын Президенти колдогон соң өлкө боюнча илинүүдө. Баннерлерди айрымдар колдосо, айрымдар азыркыга чейин каршы экенин билдирип келишет. Ал эми интернеттеги социалдык тармактарда #Элим_кайда_баратабыз? хештеги менен жазылган билдирүүлөрдүн саны көбөйүп, алгач сындар, ойлор жазылган болсо, учурда мыскылдаган билдирүүлөр басымдуулук кылууда. Белгилүү блоггер Данияр Айтман да четте калбай, баннерлерге болгон көз карашы тууралуу оюн бөлүштү:

"Мага "Кайран элим" чуулгандуу баннерлери жаккан жок. Биринчиден, бул баннерлер мусулмандар коркунучту жаратып жаткансып, аларды душман катары көрсөтөт экен. Экинчиден, баннерлерде аялдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Аялзаттын кийими аялдын жеке иши эмес, коомдукундай (эркектердики дагы). Бул туура эмес. Биринчиден, мусулмандар душман эмес. Мусулмандар коркунучтуу эмес. Мусулмандар - биздин элдин көпчүлүгү. Коомчулуктун динин, негизи эле бардык диндерди жаман аттуу кылбоо керек. Мусулмандардын көпчүлүгү, Куран менен жашоого аракеттенгендер, мусулман кийимин кийгендер - терроризмден алыс, тынч жашаган адамдар. Мусулмандардын көпчүлүгү өздөрү террористтердин курмандыгы болушууда. Мусулмандар - терроризмге каршы күрөшүүчү өнөктөштөр. Экинчиден, аялдар каалаган кийимин кийүүгө укуктуу. Эч ким аларга кайсы бир кийимди кийүүгө милдеттендире албайт. Мусулмандарга каршы эмес, террористтерге каршы күрөшүү керек. Исламга эмес, экстремизмге каршы күрөшүү керек.

Экстремизм деген эмне?
Аял киши өз каалоосу менен хиджаб кийгени - экстремизм эмес, ал өзүнүн тандоосу. Экстремизм - аялды хиджабды же дагы башка кийимди кыйнап кийгизүү. Экстремисттер бардык аялдарга хиджабды кыйнап кийгизүүнү көздөшүүдө. Мына ушуга каршы күрөшүү керек.

Бул эмнени билдирет? Хиджабчан аялдарды жаман көрсөтпөй, светтик коомдогу аялдын позитивдүү элесин жаратуу керек. Ар кандай кийим кийген ар кандай аялдарды көрсөтүп, баарын тең татыктуу аял деш керек. Аялдын намысы кийим менен ченелбейт.

Экстремисттер адамдардын баарын мусулмандардын мыйзамы менен жашатууну каалашат. Аларга туура жооп - исламга тыюу салуу эмес, жарандардын өз абийири жана каалоосу менен жашоо укугун коргоо".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
08.08.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Данияр Айтман кыргыз болгондон кийин кыргызча кийиниш керек баннерлер эн туура орнотулган ал кийимдер биздин кийим эмес ошол кийимди кийсе эле ыймандуу боло тургансып колдойсунарда.
08.08.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
plaza85,Сен не кыргызча кийинип журосунбу.Кийсен кытайдын кийимин кийип атасын да.Же сен менен президент экоон эле кыргызсынбы.Кий анда чапан калпак анан суйло
08.08.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Urmat_83, президенттин балекетин аласынбы, кан ичкич ш/л.
08.08.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ошол кийимди кийсе ыймандуу эмес, ыймандуу ошол кийимди кийип отурат. Гезиттин откон сандарында ачыктап беришти эле го, ортодогу сурот Куран жарышына катышкан кыз келиндердики деп. Алар репортерлор келип суротко тарта баштаганда жуздрун жабышкан деп. Себеби бар болгону учун жабышып жатышат да. Силер себептерин сурагыла неге андай кылды экен деп, туруп эле асылып кирбей элибиз андай кийбейт, биз кайда баратабыз деп...
08.08.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
1.Менменсинбоо учун жузун жапкан чыгар: оздорун гезиттен коргондо же башкалар коруп сен ушинтипсин же минтипсин деп мактоого учурап менменсинбеши учундур...
2.Такыбалык учун жапкан чыгар: сулуулугун башка эркектер коруп, алардын конулорун буруп оз эрлерин кызгантпоо учундур.
3.Уялганынан жабуусу мумкун...
08.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Паранжа кийгендери го мейли сейрек кездешет бизде, анын кобоюп бараткан жери жок.Кочолор ошолорго толуп басуудан корксонор мейли...
08.08.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол паранжа жамынып алып канча кылмыш кылгандар бар, сакал остурсо эле молдо эмес, паранжа жамынса эле , намаз окуп калган ыймандуу эместер толтура. Хоть чуть чуть жазаардан мурун ойлонгулачы.
08.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Syper.kelin4ek, жамынбай туруп кылмыш кылгандарчы? аларды корбойсунор го... Атамбаев алгач элдин курсагын тойгозуп алсынчы анан кийим тандасын...
08.08.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Данияр Айтман бул баннердин мааниси хиджабка же ИСЛАМ динине каршы багытталган эмес өзүбүздүн улуттук кийимдерди сактап калуу максатында болуп жатат. Мен альхамдулиллах мусулманмын каршы чыккан жокмун бирок кап кара кийимди кийип көзүн жаап алган деле туура эмесго..
08.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
кошулам, бирок парнжанын кобойгон жери жок, ал кыргызстандын ичинде глобалдуу проблемага ашып ташкан жери жок. Бирок ортодо турган сурот неге чакырат, ачык эле каршылык билдируу да.
08.08.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даниярга кошулам... акыркы учурда аялдардын укугу көп тебеленип жатат... күйөөлөрү аларды кулдай көрүшөт... Аял затын коргоочу эркек болот, а азыр коргобой эле кордоп жатышат...
08.08.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Gyiwak, кийимге кандай тиешеси бар???
08.08.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кайсы укугун айтып жатасын? Намыссыз аракка берилген же кочого конгон адамдардын жоругу ал аялдарын сабап, токмоктоп укугун тебелеген. Исламда аялдын укугун коргоо жок дейсинби? Юрфакта окуган досторун болсо сурасан болот Рим укугунан кийин эле Ислам укугун окушат. Аялдардын укугун сура ошолордон айтып беришсин сага. Глобалдуу ойлонгулачы кичине Пакистанда аял министрлер бар оронгон эле, туркияда бар оронгондор эле... Азыркы кезде оронгондор эле ЖОЖдордо окуп кесиптин ээси болуп иштешип жатышат.
08.08.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
көчөдөн бир да кыргызча кийинген адам көрбөйсүң бирок жарым жылаңачтар толтура. мына бул кырнызча кийиниш керек деп жалмаңдап жаткандар өздөрү кийет дейсиңерби? жоок, буларга жөн эле узунураак, жабыгыраак кийинип жүр деген катуу тийет, ошого чымчыктай чырылдашат оо кокуй өлдүк деп.
08.08.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Омэйде! Башкасынан болсо да ушул блогерден күткөн эмес элем. Темасынан улам ачарда таптакыр башка маанидеги сөздөрдү окуйм го деп ойлодум эле )
08.08.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саныңарды жалтыратып жүрүп көнүп калгансыңар да , силер ата агаңардын көзүнчө деле жүрө бересиңер уят жок да.
08.08.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Биз кайда баратабыз?
08.08.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kettin-kayda-chyragym..,бейишти коздой баратавыс
08.08.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаев ажобуз туура эле кылган,Ким экенибизди билбей ар кимди ээрчип журобуз.Бул суротто исламга каршы чыккан эч ким жок,паранжа жамынып алып канчалаган кылмыштар болуп жатат. Бироо бир нерсенди уурдап кетсе ким деп суроттоп беребиз аял-эркегин аныктай албай калышыбыз мумкун.КАйда бара жатканыбызды озубуз билбейбиз,суротту да туура чечмелей албай кынтык эле издеп журобуз
08.08.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саби, мен сага 100% кошулам ток этеер жерин жаздын.
08.08.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Саби,сен жана сендейлер билбеши мумкун кайда бара жатканын биз соонун эле билебиз... Эки метр жерге баратканыбызды...
08.08.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Саби, тоок уурдай турган заман эмес азыр кийимге жамынып качып кетчуудой...
08.08.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул зарыл экенби эми а,канча акчаларга чыгарды ошолор. Адам кандай кийсе да бирок журокто ыйман болсо болду. Баарыбызга Алла ыйман берсин. Ар кайсы адам аркандай кутулбогон окуяларды кылып жатат. Ушул чондорубуз талкуу кылып кайрылгыс убактысын элге кызмат кылып элге аралап жакшы иштер кылса жакшы болмок.
08.08.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаратуучу селердин баннеринерге муктаж эмес ,кааласанар ар бирин уйунорго асып алгыла
08.08.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
sultan89,эн туура Алланын каары тушсо жыланач жургондорго кошуп банер санери менен орттоп жиберет каментарий жазгандарда абайлап жазгыла Алладан корккула алдагынтип киминер элечек киип чыгасынар кана кийгилечи короюн сага эмне артисписби дейсинер сразу азыр артистерле киет кыргыз киимин анан келип эле тиишчинер жоолукчандар паранжа киеби калгаткиин башына киип алавы кимдин кандай иши бар,ошо баннерди илдирткендер биринчи оздору кыргызча киинип анан суйлошсун
08.08.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ошого кеткен акчага суу жок айылдарга суучыгарып берсе болотго,кыйратык деп отурса к.к чондор
08.08.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Макул эми бисексуалдардын жоруктарын, бузуку кыздардын жоруктарын, аборттун статистикасын, жетим балдардын статистикасын, карылар уйундо жаткан ата-энелердин статистикасын баннер кылып илгиле... Элим эмне кылып койдук? Эмне кылып жатабыз? деп... НПОлор Чиновниктер кылдыра корбойт ал нерсени...
09.08.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Студенттерге лекция окуп жаткандай го... (башкалар бул нерселерди билбейт го, ээ...)
Бул сүрөттөрдү ар аймактан чогултушуптур, бул эмне каршылык акциясыбы? Автордун жазгандарынан кайра тымызын элди көкүтүү деген нерсе байкалгандай... Баннерлерден "кыргыз кыргыз экенин унутпаса, улут катары сакталып калса" деген эле нерсени көрүп жатам мен, бул жаманбы? Авторго баннерлер жакпаса,мага автордун пикири жаккан жок.
09.08.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raiana53, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: