super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Мирбек Ахматалиев "Дордой" футболдук клубунун катарына кошулду

 

"Алга" футболдук клубунун лидерлеринин бири Мирбек Ахматалиев өлкөнүн вице-чемпиону "Дордой" футболдук клубунун катарына кошулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Дордой" футболдук клубунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюнчу 1,5 жылдык келишимге кол койду. Учурда "Дордойдун" курамында машыгып баштаган футболчу №27-футболкага ээ болмокчу. "Трансфердин суммасы тууралуу маалымат берилбейт" деп белгилешти клубдун өкүлдөрү.

Кошумчалай кетсек, 1994-жылы туулган Мирбек Ахматалиев карьерасын 2011-жылы "Дордой-Плаза" клубунда баштаган. 2012-жылы "Дордой-94" командасынын катарына кошулса, кийин "Динамо МВД", "Абдыш-Ата" клубдарында ойногон. Акыркы жылдары ал бишкектик "Алганын" катарына кошулуп, команда лидерлеринин бирине айланган. ТОП-Лиганын быйылкы сезонунда 11 гол жаратууга жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчага отту? канча жылдык контракт м-н толку маалымат жокпу? Дагы бул тарыхтын эн кымбат 4 трансфериден бири болуп журбосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: