super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, тактап айтканда, ЖИА бизнес ассоциациясынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, Күнөсканалар ассоциациясынын, Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын жана Кичи ГЭСтер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүү, зергерлик, айыл чарба, туризм, курулуш жана транспорттук тармакты өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын көзөмөлү жана мамлекеттик чек аралар аркылуу товарлардын өтүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өкмөт бизнес-түзүмдөр менен өз ара аракеттенишүүдө мамлекеттик органдар тараптан мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышына чоң көңүл бурууда.

"Биз өлкөнүн бизнес тармагынын өкүлдөрү менен ачык пикир алышууга жана кызматташууга даярбыз. Бүгүнкү күндө ар бир тармактын өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү бар. Аларды чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен ишкерлердин биргеликтеги комплекстүү аракеттери зарыл. Өкмөт өлкөнүн ишкердик тармагында жагымдуу шарттарды түзүүгө бардык аракеттерди көрүүдө", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр өкмөттүн негизги багыттарынын бири заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, мамлекеттик чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерин модернизациялоо, логистикалык борборлорду түзүү жана ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү болуп саналарын белгиледи.

Ал бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен такай жолугушуп турууга даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү менен биргеликте келип чыккан көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө арналган жолугушууларды уюштуруп турууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: