super.kg logo

Бразилиянын убактылуу четтетилген президенти Дилма Руссефф: “Мен Олимпиадага экинчи ролдо катышпайм”

 
Дилма Руссефф
Мишел Темер

“Мен Олимпиадага экинчи ролдо катышпайм", - деди Бразилиянын убактылуу четтетилген президенти Дилма Руссефф. Бул жөнүндө кечээ, 26-июлда "Folha de Sao Paulo" жергиликтүү гезити жазып чыкты.

Ошол эле учурда "Reuters" агенттиги Дилма Руссеффке чейинки Бразилиянын мамлекет башчысы дагы оюндардын ачылышына катышпай турганын билдиргенин жазып чыкты. Рио-де-Жанейродогу 2016-жылкы Олимпиада оюндарын расмий түрдө Бразилиянын учурдагы президентинин милдетин аткаруучу Мишел Темер ачары айтылган.

Ал эми Дилма Руссеффке расмий чакыруу 12-июлда Алворадагы сарайына жеткирилген. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бразилиянын Федералдык сенаты Дилма Руссеффке ишенбөөчүлүк көрсөтүү процессин колдогон. Ошого байланыштуу Дилма Руссефф кызматынан убактылуу четтетилип, Мишел Темер мамлекет башчысы кызматына киришкен. Эгерде аталган иш боюнча добуш берүүдө сенаттын көпчүлүгү ишенбөөчүлүктү колдоп беришсе, Руссефф бир жолу кызматынан алынып, 2018-жылдагы президенттик шайлоого чейин Мишел Темер мамлекет башчысы кызматын аркалайт. Ал эми сенат колдобосо, Дилма Руссефф ордуна келет. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 мамлекети жана өкмөт башчылары оюндарга чакырууну кабыл алганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
27.07.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Киминер оюнду ачасынар розницасы жок, главный Кыргызстандык спортчуларга алтын медальдан берсенер болду аянбай.
27.07.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин АША чакыруу алды бекен ыя?
27.07.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345, Бразилиянын кофесин ичкениби?
27.07.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта олимпиаданы откорууго каршы протест болуп жатат. Аман эсен отсунчу. Аеропортто мед козомолду кучотуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: