super.kg logo

Нью-Йорктогу боз үйдөй мейманканада түнөө 2 миң доллар турат (сүрөт)

 

Нью-Йорктогу Манхэттенде боз үйдөй мейманкана ачылды. Бул мейманканада сүрөткө түшкөн коноктор социалдык тармактардагы баракчаларына сүрөттөрүн байма-бай жүктөшүүдө.

Боз үй "W New York" мейманканасынын 17-кабатында жайгаштырылып, тегерегине жасалма чөп төшөлгөн.

"Боз үйдүн ичинен шаардын ызы-чуусун укпай, ачык асман алдында уктоо мүмкүн. Бирок уктоочу бөлмө жакын жерде бар болгондуктан, бул жер конок тосууга ылайыктуу. Боз үйдүн ичинде, сыртында асма шамдар илинген, жаздыктардын түрлөрү, отургучтар бар, андыктан баарлашуу үчүн жагымдуу", - дешет дизайнерлер.

"Бул нерсе жалпысынан Калифорниянын мейманканаларына мүнөздүү. Адамдар ачык абада болгулары келгени менен, ал үчүн көп жумуш жасоого туура келет", - дейт мейманкананы жасалгалаган дизайнер Кимберли Уинтроп.

Боз үйдөй мейманкананы жасоо идеясы "Coachella" музыкалык фестивалына катышуудан улам болгонун айтат "W New York" мейманканасынын маркетинг боюнча менеджери Пабло-Андрес Лопес.

"Боз үй менен анын артындагы фондун карама-каршылыгы өзүнчө кооздук. Мындайды шаардын ортосунда дагы кайсы жерден кыла аласыңар?" - дейт Пабло-Андрес Лопес.

Боз үй ноябрь айына чейин иштеши мүмкүн, анда түнөө 2 миңден 3 миң долларга чейин экени маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
27.07.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Орто Азияда Кыргыз,Казак деген эл бар,бул боз уй ошолорго таандык,жана алардын маданий мурастарынан бири. Алар тоо койнунда кочуп-конуп жашашкандыктан алар учун так ушундай уй эн ынгайлуу болгон. Боз уйдо философиялык коптогон маани-маныз жатат,бул боз уйду бир нече кабат кылып которсо да болот. Жана боз уй тарыхы миндеген жылдарды камтыйт деп маалымат беришпейби башкаларга,кудум оздору ойлоп тапкандай,же атасынан мураска калгандай мактанбай.
27.07.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жигит айткандай бул Кыргыздардыкы деп айтып койбоптур
27.07.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз уйдун сырткы жасалгасы жокоо кийиз менен орогондо анданда соонун болмок
27.07.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билбейм мен суйундум окуп алып
27.07.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул мейманкананын курулушуна кыргыздардын тиешеси жок окшойтта. 2 мин долларга кымбат эмеспи,баары жасалма болуп турат.
27.07.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстанда журуп боз уйду коруп кеткен дагы бир американец жасады да жанылык кылып.Эми оздоруно откоруп албаса эле болгону,буларын жаман эле.
27.07.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми боз уйду тарттырып ийбесек болгону!
27.07.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеген экини жейт дейт беле... биз бири бирибизди чукуп журо береличи... эртен Американецтер биздин кыргыз кийимдерин кийип алса тан калбаш керек.... Кайран элим кайда баратабыз деп дуйно жузундогу баардык баннерлерге ассак дв эч нерсе озгорбойт... Озубуз биринчи колдонушубуш керек... Боз уйду колдонушсун да.. биз озубуз колдонбосок анаан...
27.07.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боз уйдой эле эмес НАК боз уй экен!!!
27.07.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вщь
28.07.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
емне озубуздо байлар жок дейсинерби жакшы идея кылыптыр ким кылсада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: